ТИЛ АЛДЫНА КАТУУ Фразеологический словарь кыргызского языка (2015) Сары майдай сактоо, бекем катуу, көпкө сактап жүрүү. Тил алдына катып жүргөн акыркы акчасын да алдап алды («Ала-Тоо»).
ТИЛ АЛДЫНА КАТУУ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Сары майдай сактоо, бек катуу, жашырын бекем катып жүрүү. Падыша үчүн жыйнадык, Кап менен жип арканды, Аз күндө дагы беребиз, Тил алдына катканды (Жантөшев). Тил алдына катып жүргөн акыркы акчасын да алдап алды («Ала-Тоо»).